орунда
- Аткаруу, ишти иш жүзүнө ашыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алты уруктун элибиз, / Алты орунда жерибиз, / Албай кантип койобуз, / Аласыз болсо кебибиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айтып кеттиң акыл кеп, / Биз орундап турдук макул, деп, / Дабытай келип кез болду, / Бизде кыймыл тез болду, / Энтери менен Жамаке, / Бала Тубаш, эр Бөтө, / Дембелеп кирип сайышып, / Көз ачырбай турганда, / Намысын элдин талашып, / Каарданып кара жүз, / Катуу кирди жан ачып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Элебей турсаң эндекей, / Түгөткүдөй баарыңды, / Түптүз кылып шаарыңды, / Жете келет Сейити, / Кайкатып сапка тизгиле, / Аскер менен эриңди, / Тура берип таңыркап, / Сындырып алба белиңди, / Чалдырабай орунда, / Тапан хан айткан кебимди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Нескара, Уушаң, Мурадил, / Коңурбайын баш кылып, / Кармап келсин эрини, / Орундатсын кебимди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Макул, атаке, сиздин айтканыңызды мен орундайын, менин бир суроомду дагы сиз аткарыңыз, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →