ортончу

китептерде 12 жолу, 4 китепте
  1. Ортодогу. Улуусу менен кичүүсүнүн ортосундагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Адыбайдын үч уулу, / Эң улуусу Карахан, / Кенже уулу Шаатемир, / Ортончусу Темирхан, / Хан деген такыр аты бар, / Калайыкка таанымал, / Как ушул биздин күнгөчө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдымда кеткен Уусанген, / Ортончу бул зал экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ортончусу Бакырдин — атасы түспөлдүү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Улуу баласынын аты – Ормон, ортончу баласыныкы - Коргон, кичүү баласыныкы - Болгон экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Улуу агасы Ормон батышка, ортончусу Коргон кыбылага, кичүүсү Болгон чыгышка карап жол жүрүп кетишет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →