ортон
- Сөөмөй менен аты жоктун арасындагы манжа.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ак шамшар байлап жанына, / Алма баш асып далыга, / Сыр найза алып колуна, / Боронбайдын жез камчы, / Ортонго илип жулуна, / Кечигип туруп албады, / Абаң Бакай, Семетей, / Эр Гүлүс, Алымсарыктан, / Абыдан бата алганы, / Күүлөнүп жөнөп калганы, / Арбак кубулуп түрдөнүп,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айтылып жүргөн жомокто, / Серек менен Сыргагы, / Жакыптын ортон баласы, / Магдымдан туулган карачы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Арбак урган, ант урган, / Алаштык элге баш урган, / Сарала атчан Алмамбет, / Кытайдан качып кеткен-деп, / Кетээринде жөн кетпей, / Дүйнөнүн баары тааныган, / Ортон колдой баатырдан, / Буданчаңды баш кылып, / Отузду сойуп таш кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →