ортолук
- Көпчүлүккө таандык, жалпы элге таандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Намысы бирге кыргыз, деп, / Дардаңдап Багыш калыптыр, / Байгени баштап этекке, / Ортолукка салыптыр, / Элдер бөлүп алыптыр, / Шыгайдын уулу чыр Чабак, / Чыр чыгарып калыптыр, / Жакшыларга жамгырдай, / Жаман сөзүн салыптыр: / — Атаңдын көрү жедигер, / Атың чыкса ээ болбой, / Абыдан бокту жедиңер!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →