ортоло
- Теңине чейин жетүү, капортосуна чейин келүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ортолоп кебин келгенде, / Жашый турган кездерде, / “Ыйлатпайын муну, — деп, / Суусундан жутуп алгын” – деп, / Көөкөрдөн арак куйдуруп, / Ырчы уулга сундуруп, / Эрназарды тундуруп, / Андан кийин айттырып, / Барлык кебин жай угуп, / Кызы мында экен, деп, / Айтканын мунун дагы угуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Тамак ортолоп калган кезде, Василий шорпо ичип жаткан кашыгын коё коюп, мурутун бир сылап алды да, обочо жерде, тамак ичип отурган мага бурулуп:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ортолоп келген кезде, менин оң жагымда отурган сары жигит, калган нанды сындырып, эң үстүнө бир чоң сыныгын калтырып, кадырлуу коноктун алдынан өтүнгөндөй, кичи пейилдик менен колун ийкеңдетип, мага:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кесме ортолоп калган кезде эки жаагымдан самсаалап тер кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эл ортолоп келген кезде тоо жактан төмөн карай өтүп бараткан бир-эки солдат бизди көрүп бери бурулду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →