орток
- Баарына тең, бирдей жалпыга тиешелүү.
- Шерик, жолдош, дос.
- Үлүш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Саламат өзүң турасың, / Жалгыз сен кандай кыласың, / Акылыңды билдиргин, / Биригип кеңеш кылалы, / Ашыгын алып азайтып, / Кыскасын улап узартып, / Орток кеңеш кылалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көкөтөйдүн ашында, / Көп жыйындын кашында, / Кылжейренди сурабай, / Кызыкка орток курдаштай, / Алып кетип мингенде, / Ишенем эрге, дегенде, / Алда кандай адам, деп, / Акылда ойлоп калды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ортоктун көчүп тоосунан, / Кара ногой бөлүнүп, / Энесайга келиптир, / Сары ногой самсаалап, / Урумга көчүп кириптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ортокмун — деп — олжого, / Чатак кылба сен анда!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бул сөздү кимге көздөп жибергени белгисиз, айтор жетимдердин баарына орток айтылгандай болуп туюлду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →