ороңдо
- Оңурандоо, тумшугу менен бир тийүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үзөнгүдөн бут тайып, / Ооп барып оңолду, / Ороңдогон чочкого, / Абдан шайтан толгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Оңдоп атын тарткынча, / Оонап калган Акжолго, / Оңолуп балта чапкынча, / Элеңдеген энтери, / Жебеден мурун жеткени, / Дабытайды Энтери, / Куйрукка муштап өттү эми, / Өтө берген Энтери, / Оңтойуна келгенде, / Ороңдогон Дабытай, / Оодара сайып кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кылычты Семет имерип, / Кылчайып Мунар болгунча, / Тогуз-он койуп жиберип, / Ороңдогон чоң Мунар, / Ороолонуп калыптыр, / Колуна чокмор алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акбалта уулу Чубакты, / Жоо бөрүсү чунакты, / Он миңче торчу топ болуп, / Тегеректеп тап койуп, / Эки балбан ороңдоп, / Бир пили желип тороңдоп, / Ортосуна алыптыр, / Ыкыс берип калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— деп ороңдоп бир тийди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →