ороо1
- Көбүнчө эгин сактоо үчүн казылган чуңкур.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бир беттешип алышып, / Найзалары кагышып, / Каңкылдаган үн чыгып, / Карсылдашып салышып, / Оро-пара турушуп, / Ороолонуп урушуп, / Ойду-кайкы жарышып, / Оң- тескери чабышып, / Жакалашып жулушуп, / Жан алчудай болушуп, / Чокморлорун алышып, / Колтуктарын чойушуп, / Чокудан ары кой…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…шып кармаштык, / Кылышпадык жармаштык, / Багалектен алыштык, / Барлык күчтү салыштык, / Ийилбеген кайран бел, / Балтыр этти талыттык, / Орой- торой чалыштык, / Ороолонуп көрүштүк, / Өчүгүшүп күрөштүк, / Баштан берки адатым, / Балачактан санатым, / Жети күндө бир тамак, / Иче турган кезегим, / Бирден- бирден санадым, / Бүгүн бол…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ткан шор ошо; / Бир карасаң карарган, / Кургакка деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күлгүн тарткан кеп ошо; / Салынып барган тумшукта, / “Инжилди” көмгөн ороо бар, / Деңизинин бойунда, / Өрдөк, чүрөк, кайырма, / Аралашкан соно бар, / Салынып келген деңизге, / Сандуба деген жер ошо; / Калкайып кара көрүнгөн, / Карачай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айрыкча турат эсимде, / Кармагының буура, деп, / Чуркагының турба, деп, / Чакчаңдап камчы чапканың, / Өз ордума жаткырбай, / Ороого айдап таштадың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…н, / Дүмпөр болсун, шок болсун, / Колу жок болсун чолоңдоп, / Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбаттуу, / Сындуу болсун сымбаттуу, / Учкул болсун канаттуу, / Тулпар болсун…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →