орок таштамай

  1. диал. этн. Отун үчүн куурай оргон балдардын мелдеш оюну: канча бала ойносо, ошончо санда, бирдей өлчөмдөгү таңгак же чек куурайлар коюлат да, белгиленген чекке ойногон балдардын ороктору кезек менен ыргытылат, кимдин орогунун учу жерге сайылса, ошол орок ээси куурайды утат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.