орозо
- Мусулмандардын кудайга сыйынуу иретинде отуз күнү күндүзү тамак ичпөө тартиби.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Түп атасы Бөйөн хан, / Бөйөн хандан Чайан хан, / Чайан хандан Кара хан, / Кара хандан тараган, / Кадырлуу тууган Орозой; / Орозойдун он уулу, / Улуу уулу Жакып хан, / Жакып хандан туулган, / Алашка каршы чыкканга, / Салып келген чуулган, / Жайдары туулган алп Манас, / Жергелей тартып жыйылган, / Жергесине көп алаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кара кыргыз калкынан, / Түп атабыз Бөйүн хан, / Бөйүн хандан Чайан хан, / Чайан хандан Карахан, / Карахандан тараган, / Кадырлуу тууган Орозой, / Орозойдун он уулу, / Аксакалы Жакып хан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Орозойдун Жакыптан, / Ойрон Манас туулуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эң улуусу: Сааданбай, анан Мергенбай, анан Ийгенбай, Деркенбай, Орозобай, Кар-таңбай.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →