орно
- Бекүү, жерге кагылган, сайылган ж. б. абалда туруу, орунтуктоо.
- Орун алуу, курулуу, жай алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
жарабай, / Айбаты тайып жүдөшүп, / Үйрөткөн пилин жиберди, / Көрсөтүп эрен Сыргакты, / Тебелеп аны кел, дешип, / Тумшугунун учунда, / Коргошун, коло аралаш, / Орнотуп койгон чойун баш, / Томураңдап пил келет, / Дүк-дүк желип далбаңдап, / Тумшугу анын булаңдап, / Пилди көрүп эр Сыргак: / “Адам эмес айбандан, / Качып берсем уй…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Темирден кадаа орнотту, / Шуудурдун чылгый терисин, / Эки бутка төрт жерге, / Табарсык менен колтукка, / Эки колдун карыга, / Кокойгон ичке мойунга – / Тогуз жерге салдырды, / Башына каптап таңдырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алтын ооз дүрбүнү, / Айта берсе түгөнгүс, / Асыл таштан орноткон, / Айнеги сынып калат деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Калайык калкка ошондо гана жакшылык орномок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Үйүмдүн четине чынар терек менен күмүш терек орнотулсун, ал чынарларда алтын булбул менен күмүш булбулдар сайрап турушсун, кызымдын калыңы ушул, ушул калыңды кырк күндө бүтүрүп, тоюңду берип, келининди ал, – дейт кан.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →