ормой
- Мурундуу, мурду коңкоюбураак келген кебетеде таңдана олуттуу кароо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ормойо тиктеп Батайы, / Одурайып Катайы, / Оройу суук үч итке, / Бетер кебин айтканы: / — Коктукаттын калаага, / Отор барган аларга, / Силерге, балдар, жибердим, / Учурап калып талаада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Пили менен томпойуп, / Куйругу кыска чолтойуп, / Оройу суук доңуздун, / Өтө башка дордойуп, / Салаңдап мурду ормойуп, / Бети калың томтогой, / Орто бойлуу кортогой, / Эки эмчеги баладай, / Булчуң этин карасаң, / Кысыр эмди танадай, / Эки бети талаадай, / Эки көздүн ортосу, / Чөп ташыган чанадай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Олтургандын баарысы, / Адылбек менен Жакыптын, / Ортосунда кепти угуп, / Ормойуп тиктеп калышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аликеси оолугуп, / Сатикеси жулунуп, / Катар экөө ормойуп: / — Ой, Кутубай, не дейсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көзүн ачып ойгонуп, / Имерилип толгонуп, / Сүрөттү көрүп Сейтек, / Тиктеп калды ормойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →