ордолуу

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Ордосу бар, хан ордосу орношкон.
  2. Түптүү, кеңири тамырлаган, уруктуугандуу, кубаттуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…төрт хан, / Биринин көөнү кирдесе, / Баарысынын көөнү кир, / Чогулушуп турганда, / Орунду алган олуттуу, / Ойунча алган конушту, / Ак калпак кыргыз көп алаш, / Ордолуу алаш журту, деп, / Ошол атка конушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алайып тиктеп бет келип, / Айткышкан бенде болбогон, / Каршылашкан ким болсо, / Кырынан сулап сойлогон, / Отуз жашта бул күндө, / Ордолуу орчун хан болгон, / Урматы улуу саналып, / Ойротко сөзү даң болгон, / Катарда жок Көкчөнү, / Жол каратып хан койгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ордолуу кыргыз элиңдин, / Оорутпай көөнүн ким табат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ойноп жаткан жеримден, / Ордолуу ногой элимден, / Ойрон Чүрөк козгойсуң, / Козгогонго жараша, / Кол алып не тоспойсуң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жан жагында жети хан, / Ошо кезде алашта, / Ордолуусу он төрт хан, / Колбутуп айдап кошунун, / Бейжинге барып кол салган, / Беттешип бенде барбаган, / Бейжинди тепсеп жол салган, / Айкөл шер антип өтсө да, / Семетей жетим жаш калган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →