оргушта

китептерде 10 жолу, 3 китепте
  1. Атылып, оргуп чыгуу, атырыла оргуу.
  2. Уюлгуп, катуу көтөрүлүү (мис., түтүн, чаң ж. б.).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Оргуштап жаткан булактын, / Жанынан жерди ойдуруп, / Чылпылдата жылкынын, / Майы менен майлатып, / Күн тийгизбей далдалап, / Кылычты таштап койдурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оргуштаган кара суу, / Ыргыштап агат алдынан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тарс этип мылтык атылып, / (Олпогун алган бөктөрүп), / Ажал ок тийди Сейитке, / Кош бөйрөктү ок кечип, / Оргуштап кызыл кан кетип, / Жер кучактап жыгылды, / Жыйырма эки жашында, / Ажал өлүм кандай деп, / Теңге албай жүргөн башында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Оргуштап көккө созулган, / Жаккан оттун ышы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Айкырышкан убакта, / Капкачандан бер жакка, / Катып калган кара жер, / Оргуштап агып, суу чыгып, / Толуп калды булакка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →