оргу
- Атылып чыгуу; оргуштоо (мис., суу, булак ж.б.).
- Уюлгуу, уюлгуп көтөрүлүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каракөз кытмыр, арамза, / Жедигер отуз эки миң, / Коросон отуз эки миң, / Испан отуз эки миң, / Оргутуп жерди чаңдатып, / Каракөздүн буйругу, / Сарыдан байрак карматып, / Так байрактай кыргызды, / Саргартамын деп айтып, / Алдыга бешти чаптырды, / Аларга мындай та…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күүлөгөн найза үнү ачуу, / Күркүрөп кулак тундуруп, / Күркүрөп калмак түрү ачуу, / Көргөндүн баарын коркутуп, / Каракер менен тап берди, / Артынан чаңын оргутуп, / Жалтайбаган кара көк, / Жана айланды жол тосуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жымылдап мунар закымдап, / Күүгүм кирсе күн батып, / Кумдан чыгат ысык жел, / Бетке тийет жалындап, / Үп этип шамал чыкпаган, / Кызыл жалын бургуган, / Куму кызыл оргуган, / Аркыраган шамал жок, / Дымып ысып жел чыкпайт, / Ысык учуп закымдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сейтек анда үйдө жок, / Гүлнарды ээрчитип, / Урумга кеткен болучу, / Кара дөөнүн кептерин, / Баарын айтты калтырбай, / Кутургурдун эрдигин, / Жайын айтты жашырбай, / Өөдө сүйлөп оргутуп, / Ылдый сүйлөп кемитпей, / Чынын айтты ашырбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жерден туман оргуса, / Булутка чыгып кошулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →