ор2

китептерде 552 жолу, 10 китепте ор 1 →
  1. Чөптү, куурайды, эгинди ж. б. орок менен түбүнөн кыркып алуу, машина менен чаап алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ар качан орду козголбос. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Торсолдой менен Сетертай, / Өткөрүп койгон кызматты, / Аны булар биле албай, / Өзүнүн ордун тапты деп, / Ажыбайдын Керменбай, / Эл чуркурап айтышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Байлар болсо, балдарын сатып алып калат экен, алардын ордуна түгү жок томояктар, биз кетет экенбиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Соолгон көлдүн ордунда калган балык өгүздү шак жутуп алды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →