опурул

китептерде 16 жолу, 7 китепте
  1. Опураңдоо, опузалап көөдөктөнө атырылуу, оозун көптүрө сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп чакыйып түрдөндү, / Опурулуп күүлөндү, / Айкырып сүйлөп күпүлдөп, / Көрсөтөм деп дүпүлдөп, / Күркүрөтүп найзасын, / Күүлөп колго алганы, / Күркүрөтө сундуруп, / Качырып жөнөп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жаралуу болуп биз жаттык, / Отор улук болбосто, / Элде жатып жан бактык, / Оторду ээрчип биз барып, / Опурулган жин кактык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…йлук менен адамга, / Оморулар тоо эмес, / Оңой-олтоң жоо эмес, / Арзандык менен ар кимге, / Оморулчу бел эмес, / Деп кабарчы айтканда, / Ардангансып Дабытай, / Опурулду бир далай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Манастын атын укканда, / Лойа оозунан чыкканда, / Ойу бузук Айжаңжүн, / Олураңдап, олоңдоп, / Опурулуп короңдоп: / — Манас деген эмине, / Жалганбы, чынбы ушул кеп?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Опурулуп Ойрот чоң, / Катуу кылып айбатты, / Абыдан берип кайратты, / Калдуубетти жөнөттү, / Калганда бекер жатпады, / Отуз капка каңгайдан, / Королош кытай манжудан, / Белдүүнүн баарын каптады, / Ат-атынан угузуп, / Айабай кабар айтканы, / Муну койо туралы, / Тээ Таласта жаткан Сомбилек, / Ошондон кабар угалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →