опсолоң
- Акылга салбаган, акыл менен иштебеген, ойлобостон кылган, орду жок, обу жок, көйрөң адам.
- өт. Өтө, эң.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Опсолоң эмес орундуу, / Ооздон чыккан кебибиз, / Ордонун ханы Орунбай, / Дайынын айтып бериңиз, / Кароолчу берген биздерге, / Колубузда белгибиз, / Орунбай менен көрүшсөк, / Ошондо чыгат кебибиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кеткени менен иши жок, / Үч-төрт айтты эр Көкчө, / Жооп берген киши жок, / — Уругу казак элибиз, / Опсолоң кылган кебиңиз, / Араңарда көрүнбөйт, / Алмамбет арстан бегибиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →