опколжу
- Жүрөксүнүү, коркуу пайда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Камандан болду ончолук, / Баарысы Талас жерине, / Келип калды опколжуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тиктеп калып далайып, / Он эки канат ордодой, / Уйутуп койгон чойун баш, / Опколжуп келип койгондо, / Омкорулду тоодой таш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сен деп киши айтпаган, / Айтканга оозу батпаган, / Желдеттер сен деп айтканда, / Айттып кайра тартканда, / Оң жагына бир карап, / Тапан ханга баргалы, / Опколжуп кооп жатканда, / Атасы башка эне бир, / Тазкара мындай айтты анда: / — Чакырды деп Тапан хан, / Чапансыз туруп жатасыз, / Ала турган катынын, / Канчык дедиң ке…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кайраттанды Карадөө, / Чоң чокморун колго алып, / Каарданды үңкүйүп, / Кабагың карашы ал салып, / Заарданып Карадөө, / Уйутуп койгон чойундан, / Жолум үйдөй чойун баш, / Опколжуп келип урганда, / Омкорулуп далай таш, / Карс-курс эткен үн чыгат, / Асманда учуп топурак, / Көктү тиреп зоңкойгон, / Тоо түгөнүп баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өйүздө турган тетиги, / Нескара, Уушан, Мурадил, / Опколжуп жүрөк кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →