оп1
- Жөн, жөндүү, орундуу мамиле, аша чаппаган, дайындуу аракет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Опчулугун опчулап, / Топчулугун топчулап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ошентип Торгой турганда, / Обу жок Отор чоң капыр, / Күүлөгөнө найза сундуруп, / Күүгүм туман көздөнүп, / Күңүрт сүйлөп тил келбей, / Бурулуп кеткен өңдөнүп, / Жамгырда келген сел өңдүү, / Өркөчтөнүп түрдөнүп, / Ого бетер Торгой кыз, / Жалдырап-жайнап дени өлүп: / “Беттешин көрбөй баатырдын, / Мен кетпедим не өлүп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бир колу бар, бири жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Бир буту бар, бири жок, / Опасы жок дүйнө бок, / Денеси калып башы жок, / Теңи калып, теңи жок, / Кулагы жок мулуйган, / Бузулуп мурду бучуйган, / Көзү чыгып олойгон, / Башы жок мойун коройгон, / Өлүп жаткан эрди көр, / Жуушаган койдой торойгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ойноп жүргөн дагы бар, / Өрдөк-казга куш салган, / Баарысына оп-окшош, / Көрүнүп калды кырк арстан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →