оорулуу

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Оору, кандайдыр бир оорусу бар, ноокас, сыркоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

чай койуп, / Кымыз куйуп кесеге, / Чарадай айак көтөртүп, / Керт башына жекеге, / Ыркитти куйду көөкөрлөп, / Ичип алган кишинин, / Көөнү эргип көкөлөп, / Өпкө оорулуу кишилер, / Күрс-күрс этип жөтөлөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бул сапар намыс алып бер, / Бел ашып бир сапар, / Уулум Көкчөм, жарап бер,- / Анда Көкчө муну айтат: / — Олуйазада кишисиң, / Үч жылы удаа кан кусуп, / Өпкө оорулуу кишимин, / Сак болсом да барбаймын, / Ким чыдайт барып жанына, / Ал окшогон айбандын? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ырай оорулуу, чолок киши — балдак менен жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →