оору2

китептерде 140 жолу, 10 китепте оору 1 →
  1. Ооруксунуу, сыздоо, чыдатпоо.
  2. Дартка, кеселге кабылуу, ноокастоо, сыркоолоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жаштарга айтам көбүнчө, / Олуйа Кошой макалын, / Кылайтып көөнүн оорутпай, / Карыларды сактагын, / Бир көргөндө билинет, / Жакшы жаман бакканын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Качантан бери оору? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Арстан Манас ошондо, / Абалкы ишке токтоду: / — Катында болсоң, Каныкей, / Сага ыраазы болду, — деп, / Арамдын тилин алам деп, / Алты жылы көөнүңдү, / Оорутупмун, атаң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мен билгенде сеники, / Көөн оорур жериң жок эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Артыкча ичим бек ооруйт, / Гүлчоро башын алганга! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →