ооналакта
- Ары-бери оодарылуу, оонап жатуу; чабалактоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каткан алтын зарыңды, / Таап алса арамдар, / Каралөк боздоп жиберет, / Киши албай пулуң бар болсо, / Ооналактап чамынат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Айтып болуп тайгандар, / Басаарына калганы, / Аргымак ээрди кыбырап, / Тайгандардын караса, / Ооналактап шыйпаңдап, / Кош эмесе, дегенсип, / Жүрүп кетти шыпылдап, / Батууга кире берерде, / Аман болгун, дегенсип, / Аркасын карап кылчаңдап, / Көздөн жашын кылгыртып, / Жолго түштү ыкчамдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Аюу чыдабай күчүнүн бардыгынча таманы менен мурдун ургулап, жерге ооналактап эси оойт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ал таноосун дердендетип оозун ачып, ары-бери ооналактап жатканда, кайдан келгени белгисиз кара бүркүт шукшурулуп кирди да, балыкты зооканын үстүнө көтөрүп барып жей баштады.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →