оолжу

китептерде 11 жолу, 4 китепте
  1. Ыргала теңселүү, келберсигендей, менменсип жай кериле ыргалгандай көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кош жаңырык кужулдап, / Өйүз-бүйүз зоолору, / Кербен келген белем, деп, / Соодагер келген белем, деп, / Сонундан алат элем деп, / Оолжуп тиктеп турганда, / Алды жаккы төө тыныш, / Жабыла жайнап эл келет, / Көтөрө албай көптүгүн, / Капчыгай ичи теңселет, / Желеги жол-жол сарыдан, / Жер майышкан к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…й тунарып, / Жарылып жүрөк кетчүдөй, / Торгойго кирди кубаныч, / Жаңы талдын чырпыгы, / Так ошондой буралып, / Басканы сонун адамдан, / Башкача түрү суналып, / Оолжуй басып теңшелип, / Ооруп эми айыккан, / Оңолгон киши кептенип, / Кудайдын күнү бат өтпөй, / Бир күнү онго теңелип, / Торгой жатчуу үйүндө, / Атасы айтып кеп кел… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эсендик берип Каныкей, / Акырын сүйлөп оолжуп: / — Төргө өткүн, бала, — деп, / Төрдөн орун көрсөттү, / Караманат, калың жүн, / Алдына салды көп жүктү, / Анда Айдар муну айтты, / Муну айтканда нени айтты: /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Отузда жубан уз болуп, / Оолжуп Чүрөк барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чунактын дүрбү салганы, / Оолжуп карап калганы, / Дүрбүнүн жайын менден ук, / Менден уксаң бейлеп ук, / Атасы Манас өлгөндө, / Каныкей азап көргөндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →