оолак
- Алысыраак, окчун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калдык абдан караса, / Оң жагында ыраакта, / Оолак турган бирөө бар, / Минген аты Койонбоз,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ат байгесин алышып, / Жандай чаап канчасы, / Соогат сурап жанашып, / Ырчылар ырдап жабырап, / Ат менен ээсин жамактап, / Ар экөөнү тең мактап, / Чирене тээп кайкайып, / Кирип келет жалтактап, / Ырчынын антип жүргөнү, / Азын оолак мал тапмак, / Ат ээсинин көөдөнү, / Чыга түшөт чалкактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Казактардын баатыры, / Калдайып карап турбады, / Колунда эле дапдайар, / Канжар менен бычагы, / Асманда мөндүр жаагандай, / Оолак туруп ыргытты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Урматын Манас кылууга, / Оолактан атын алууга, / Эки желдет жүгүрүп, / Жейрендей болуп түйүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ороп-чулгап жаткырып, / Оолак үйгө бактырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →