ооздук

китептерде 70 жолу, 9 китепте
  1. Жүгөндүн кайышына бириктирилген, жүгөндөгөндө аттын оозуна салына турган темири.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чырым уйку албадык, / Чыканак жерге салбадык, / Ооздугун чыгарып, / Аттан түшпөй чалдырдык, / Ошентип келе жатканбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…п барат Ажыбай, / Кутбаны карай бет алып, / Кетип барат Ажыбай, / Ат айабай жол жүрдү, / Күнү түнү талыкбай, / Арам өлгөн карт Күрөң, / Улам күчөйт чалыкпай, / Ооздук тиштеп кемирип, / Сууган сайын семирип, / Ай караңгы түндөрдө, / Тура калып табыштап, / Ала качып эрилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колундагы булдурсун, / Толгой кармап имерип, / Алдындагы Телкүрөң, / Ооздук тиштеп нидерип, / Сейитим кирип келгенде, / Тапан хан калды ийменип, / Сынап калды Тапан хан, / Сырттанга көзүн жиберип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…лоң тартынып, / Аттанып бу да жөнөдү, / Сом темирин артынып, / Тай буурул менен Сур атты, / Алактатып баратат, / Жал-куйругун төгүлтүп, / Шалактатып баратат, / Ооздук тиштеп, көз жайнап, / Жалактанып баратат, / Топуракты чачыртып, / Жерди арыктай каздырды, / Тарактатып баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Айтып сөзүн болгуча, / Ачкан оозун жумганча, / Корккон эмес чын ушул, / Коржоңдогон Канчоро / Оолугуп сүйлөп жиберип, / Алдындагы Каралат, / Ооздук тиштеп нидерип, / Ачууланса Канчоро, / Чөйчөктөй болуп көз жайнап, / Көпчүлүккө карата, / Күпүлдөп баатыр сөз баштап: / “Барыбыздын башчыбыз, / Баатырын турса коргондо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →