оозан

китептерде 10 жолу, 3 китепте
  1. Кандайдыр бир сөздү айтып жиберүү, айтуу.
  2. Оозуна алуу, даамын көрүү, даам татуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Суусу жок чөлдөр улатып, / Сай сагызган карматып, / Периден молдо алдырып, / Кырк ороо тилди мант кылып, / Койдум эле байлатып, / Эркек туусаң, Арууке, / Муну менен оозанткын, / Билгич болсун тукумум, / Кыз төрөсөң кокустан, / Муну менен озантпа, / Арты калат балаага, / Эмгегим кетет талаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арууке берди Канышка, / Өзүнүн буга эби жок, / Төрөп түшүп көрбөгөн, / Оозантып аны салышка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Туулуп жерге түшкөндө, / Эне эмчегин эмбеген, / Оозантып эмчек салганча, / Колун сунуп табактан, / Элге бербей май жеген, / Элге берчү токоч, май, / Бүткүл баарын ал жеген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бурулуп кетмей кыргызда, / Койгон аты токтобой, / Ошолордон бир калды, / Оозу менен оозантты, / Эр Кененим балдарды: / “Кубаты мендей болсун, — деп, / Оозуман аккан сары суу, / Мууну сайын толсун, — деп, / Кылымдын баарын бул экөө, / Кыңк эттирбей сорсун, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Энеден мурун оозанткан, / Каныкейдин сүтү урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →