оодарыш1

китептерде 24 жолу, 7 китепте
  1. Эңиш, ат үстүнөн эңишүүчү улуттук оюн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Булкуп-жулкуп тартышып, / Мойунга колун артышып, / Ат салышып каргытып, / Оодарышып жармашып, / Этектен орой кармашып, / Ээр кашына орошуп, / Эми алдым деп ойлошуп, / Билегин сала беришип, / Эрегишип, эңишип, / Алалган жок бул экөө, / Бирин-бир жеңишип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ат олоңун бекиттик, / Оодарышып кармаштык, / Кылышпадык жармаштык, / Багалектен алыштык, / Барлык күчтү салыштык, / Ийилбеген кайран бел, / Балтыр этти талыттык, / Орой- торой чалыштык, / Оро… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жээн экенсиң Кутубай, / Ала келдим Таластан, / Сени таштап ат албай, / Ырысыңа Кутубай, / Карадөө уулуң дөө чыкты, / Эки жылдын алдында, / Эр оодарыш, күрөштө, / Кырк сегиз эрди бир жыкты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…-жайы менен конокту, / Мына мындай жайлашып, / Он беш күн конок алыптыр, / Эл жыргады жай жатып, / Кылга байлап жамбы атып, / Эр сайышып олжо алып, / Эр күрөшү оодарыш, / Аны кошо алпаарып, / Жамбыны атты кыргыздар, / Сайышта жеңди казактар, / Оодарыш менен балбандар, / Төтөгө мырза эл алган, / Илинген жок байгеге, / Ырааккы … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Илгери бир үйдө казанда эт оодарыштырып жатып, «жетимчиликти менден көп көргөнүң жоктур» деп, кеп уруп отурганын да бир уккамын. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →