оодар
- Ордунан козгоп ала салдыруу, аңтара коңторуу.
- Ичин аңтаруу, аңтарып кароо, тинтүү.
- Бирөөнү ат үстүнөн алып түшүү, эңип түшүрүү.
- Ичин сыртына каратып аңтаруу.
- Ордунан козгоп аралаштыруу, ордун алмаштырып козгоо, астын-үстүн кылып козгоо.
- Бирөөгө шылтап салуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Зор Кошойдун тукуму, / Арзан киши ал эмес, / Оңойлук менен кишиге, / Оодарылар бел эмес, / Омурулар тоо эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Оодармалуу шум дүйнө, / Оодарылган бир күндө, / Олжого келген Айчүрөк, / Толтойдун уулу Кыйазга, / Баш боолуу болуп бир күндө, / Баш байланган Гүлчоро, / Как далыдан тештирген, / Кечир сөөгүн кестирген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сөөктөрдү аралап, / Өпкө-жүрөк жаралап, / Аркы такыр колтуктан, / Учу чыкты мулт этип, / Алдында минген атынан, / Оодарылды шылк этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оодарылып шум дүйнө, / Ордуна турбайт бул дүйнө, / Колума бүгүн тийгениң, / Тирүүлөй этиң кескилеп, / Талатып итке ийейин, / Оозун жыйбай Каныкей,, / Кийиз кындан кыңырак, / Сууруп алды зыңгырап, / Кой, энеке, койгун, деп, / Кармай албай Гүлүстөн, / Айт, Канчоро, айткын, деп, / Шилиледи Керменбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кой көрдүңөрбү дейт тура, – деп уурулар баланы кармап алып эсин оодара урушат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →