оо1
- Бир жагына кыйшаюу, бир жагына карата оордук абалда болуу. [Акбар] ооп түшүп калбагандай кылып куюшкандады да, торуну коё берди (Убукеев).
- Бир жактан экинчи жакка которулуу; жер которуу.
- өт. Өтүү, багыт алуу, бурулуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үзөнгүдөн бут тайып, / Ооп барып оңолду, / Ороңдогон чочкого, / Абдан шайтан толгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мына бу болду айтканы: / — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган отуз ойулгур, / Уккун кебим, оңбогур, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Индистан, Ооган, Испандан, / Каш кайтараар калбаган, / Бир аз күмөн кыламын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Оо, бүгүн жакшы!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →