онто

китептерде 32 жолу, 9 китепте
  1. Бир жери ооруудан, кыйналуудан энтиккендей созулуңку дабыш чыгаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргызды кырып болгондо, / Куржунга алтын толгондо, / Ооган менен Испанда, / Онтотом деп акырды, / Оозунан көбүк чачылып, / Октоло түшүп бакырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Отор таамай үч жылы, / Онтоодон башын көтөрбөй, / Эли келип чогулуп, / Эптеп иле кылышып, / Колу менен бутунун, / Сыныктарын таңышып, / Кулагына жаргактан, / Үйлөп туруп калдайтып, / Кулак кылып тагышып, / Тердебеген жай күнү, / Тура берет жабышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…/ Кызыл ала кан кылып, / Найзаны жерге мылгытып, / Кырк-элүүдөн немесин, / Катары менен ыргытып, / Тобун бузбай сулатып, / Кулаган таштай уратып, / Олпоктуусун онтотуп, / Сооттуусун сойлотуп, / Балталуусун башка уруп, / Балчыктай кылып жапшырып, / Каардуусун какшатып, / Кылычтуусун кыйратып, / Тамандан чыккан чаңды көр, / Чай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күн кулпуга жашынды, / Бөлүнүшө бастырды, / Жай-жайына жатышты, / Уйку көргөн киши жок, / Онтоп таңды аткызды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Онтоп жаткан андан көп, / Колдор сынып зыркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →