он

китептерде 1425 жолу, 10 китепте
  1. 10 саны.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкөл Манас баатырдын, / Акылынын даанасы, / Кылган ишин карачы, / Токсон уруу түрк уулун, / Алтымыш уруу алаш деп, / Баш коштурган санаты, / Он төрт хан кылып чогултуп, / Тынган экен санаасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Биз узакка кетпейли, / Эстейли жана эстейли, / Эл сүйгөн баатыр Манасты, / Эр жараткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Канык… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Анда Баймат кеп айтат: / — Кордойдун аркы оозунда, / Тогузу тийди колума, / Өзүм менен он болуп, / Жүргөмүн элдин соңунда, / Анда Алмамбет кеп айтат: / — Өкүмүм эки болбойт, — деп, / Өтүрүк айткан оңбойт, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бай Кутубай, Торсолдой, / Сетертай менен Каргалдай, / Оболбек – булар бир катар, / Башын өөдө көтөрүп, / Керменбай эми муну айтар: / — Атадан калган алтын так, / Асыл Сейтек, ээ болдуң, / Ата конуш Таласка, / Он күнчө болду конгонуң, / Кечиктирбей элиңдин, / Бардык ишин оңдогун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Онан баскалар казан асбаяк, соган күнү калып отурган жок гой. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →