омуртка

китептерде 29 жолу, 8 китепте
  1. Адамдын жана көпчүлүк айбандардын бири-бири менен туташкан кыр арка сөөктөрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калмакка сунган найзаны, / Тартып алып Кененим, / Темирбекти муштады, / Ичеги-боорун аралап, / Омуртканын тышынан, / Найзанын учу чыкканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…маны жерде тарсылдап, / Кара темир ооздук, / Көмөкөйдө карсылдап, / Көмөлдүрүк көрчөгө, / Көөдөнүндө жаркылдап, / Ошол заман баатыры - / Опол тоодой Манасты, / Омурткача элебей, / Опсуз чуркап ченебей, / Баскан таштар быркырап, / Учкан куштай зыркырап, / Келе жатат Аккула, / Ээ-жаа бербей дыркырап, / Ат абалын билди эми, / Арам… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жерге силкип чөк деди, / Ооз омуртка мууздоодон, / Оморулуп кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…айра кагышып, / Кеспей мизи жалпайып, / Жарылып сырты алжайып, / Кылычтар калды жалтырап, / Канжар жатат баркырап, / Чойун баш калбай быркырап, / Кырк кабырга, омуртка, / Кырын бузбай зыркырап, / Бирин бири тиктесе, / Азуулары кычырап, / Баштары ооруп кеңгиреп, / Мас болгондой зеңгиреп, / Кээде туруп калышат, / Эси оогандай э… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эми ары жагында деле, айта коёрдук неме жок, конокторго табак тартылгандан кийин, мага бир кескен карын, бир түйүм ичеги, моюндун бир омурткасы тийгенин гана бир билдим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →