омуроо
- Малдын көөдөнү, көкүрөгү.
- Төштүн ийинден төмөнкү бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…көзүнө, / Ажыдаардай сүрдөнүп, / Көзүнөн оту жылтылдап, / Алгыр бүркүт төрдөнүп, / Ач арстандай чамынып, / Алдында минген Майтору, / Оозунан чыккан ак көбүк, / Омуроого чачылып, / Кош кулагын жапырып, / Араандай оозу ачылып, / Жаалысы келип жүзүнө, / Манастап ураан чакырып, / Асылга Дөнөн бет келди, / Дөнө ойунда баланы, / Аңт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көз жиберсе алыска, / Жебедей чыккан зыркырап, / Туйактан учкан барча таш, / Обоодо жүрөт быркырап, / Бешөө келет бириндеп, / Жаалысына чыдабай, / Жыгачтар кыйрап дирилдеп, / Алдындагы чаңдуубус, / Арандай оозун ачыптыр, / Арбыта жолду басыптыр, / Жолуң үйдөй ак көбүк, / Омуроого чачыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Төрт айагы тик түшүп, / Көмөлдүрүк сом алтын, / Омуроодо такылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Балыктай оозун ачылтып, / Баладай болгон ак көбүк, / Омуроого чачылтып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Омуроосу көбүктөнүп турган атынын тизгинин тартып кетүүгө ыңтайланып жатып орус жигит бирдеме деп калгандан кийин татар:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →