омур

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Омкоруу, түбү менен же түбүнөн томкоруу, оодаруу.
  2. Тоңгон же катыган нерсени (мис., майды) томуруу, омкоруп алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Зор Кошойдун тукуму, / Арзан киши ал эмес, / Оңойлук менен кишиге, / Оодарылар бел эмес, / Омурулар тоо эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тайталаңга сайдырса, / Оңой олтоң эр эмес, / Оңойлук менен адамга, / Омурулар бел эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оңой олтоң эме эмес, / Оңойлук эмес адамга, / Омурулар тоо эмес, / Айтор, арзан жоо эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оңойлук менен адамга, / Омурулаар тоо эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Башын сыйпап койгон жок, / Жалганда мындай балбан жок, / Коргошун менен колодон, / Эритип туруп куйдурган, / Чоң казандай Чойунбаш, / Опколжуп келип урганда, / Омурулуп кетүүчү, / Нечен сеңир урчук таш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →