омоктуу
- Омогу бар, карылуу.
- өт. Күчтүү, бакыбат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мингени тулпар Кылжейрен, / Бото көздүү келишкен, / Ары-бери ойнотуп, / Жаңы асыйдай элирген, / Сээри бийик, омоктуу, / Өтө сонун мал экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошо бүгүн Куткарбас, / Ар-намыстан кетүүчү, / Кумсар сыйкыр, шуркуйа, / Аларды ишке салуучу, / Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, / Алмамбеттин кеп жабуу, / Телкүрөңгө эп жабуу, / Аккуланын ноктосу, / Омоктуу сыйкыр мына шуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →