омбу
- Түз эмес, шамал үйлөп дөбөчөдөбөчө болуп каткан кар, муз. ...Ашуунун белинде омбулар жукарып, жол ачылат... (Айтматов).
- Алабарман сүйлөгөн, туругу жок, тигини-муну бир айткан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коркутуп туруп омбутуп, / Куржун-куржун пулду алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Эгер почто келип, жетер замат жолчулар даяр болбосо, же ашууга барганда аттары тартпай калса, почтодо отуруп бараткан төрөлөр жолчуларды омбу карга будалап, тепкилеп коё берүүчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →