олчой

китептерде 4 жолу
  1. Чоң, бараандуу же эби-сыны жок көрүнүштө, кебетеде болуу; өтө көп болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Так ошондо олчойуп, / Коңурбайдын айтканы: / — Эми бурут кондурбайт, / Кондурмак түгүл оңдурбайт, / Кайра тартып кечикпей, / Каңгайдан барып үйүң тап! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
- / Деп күүлөнүп күжүлдөп, / Көк камандай күркүрөп, / Айжаңжүндөн кайраты, / Артылып ачуу айбаты, / Алтымыш миң аскерин, / Дүркүрөтүп айдадаы: / Барабан уруп, баң тартып, / Көчөнүн ичин чаң басып, / Олчойуп жөнөп калган кез, / Айжаңжүн кошо аттанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ойрон Чубак, эр Сыргак, / Орто жерден чыкпастан, / Оң-тескери сулаткан, / Олчойгон чоңун кулаткан, / Көк түпөк найза сундурган, / Кылычтын каны чубурган, / Кара кытай, манжудан, / Калмак, солон, шибеден, / Өлүп кетти нечен миң, / Айкөл Манас … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…угу, / Кан ичме жинди улугу, / Жакыптын уулу Манаска, / Ата-журту алашка, / Ат изин салып көрөйүн, / Адылдыгы чын болсо, / Алдына төөдөй чөгөйүн: / Коңурбайдай олчойсо, / Коржоңдошуп көрөйүн, / Быдыратып күч жетсе, / Кабыргасын сөгөйүн, / Эби келсе тирүүлөй, / Көкчөгө айдап жөнөйүн, / Агамдын ээрчип артынан, / Өмүр бойу жүрөй… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →