олуя

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Ыйык, касиеттүү б.а. өзүнүн такыбалыгы менен атагы чыккан адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кененим куруп калсын, деп, / Кээ бирлери күпүрлөп, / Өз күчүнө ишенип, / Иш кылгандыр баатыр, деп, / Кээ бирлери так сүйлөп, / Олуя Кошой арбагы, / Чечдөбө ата колдо, деп, / А дүйнө кеткен Манастын, / Арбагы, азыр жолдо, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Деп Саламат айтканда, / Карап адам баккысыз, / Кененимдин түрүнө, / Кеп айтты эми түрүлө: / — Сенин атың Сарыбай, / Азыраак маңгыт эл эле, / Тирүү олуя Семетей, / Сага берди жезбилек, / Жезбилекти бергенде, / Конушуң берди белгилеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– Сен олуя төлгөчү экенсиң, эшегимди таап бербедиңби, – деп сүйүнүп дагы акча берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →