олуттуу
- Орундуу, жөндүү.
- Зор маанилүү, керектүү, орчундуу.
- Бир топ, бир далай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…онушунда айыл бир, / Пайда-зыйан баары бир, / Алаштан чыккан он төрт хан, / Биринин көөнү кирдесе, / Баарысынын көөнү кир, / Чогулушуп турганда, / Орунду алган олуттуу, / Ойунча алган конушту, / Ак калпак кыргыз көп алаш, / Ордолуу алаш журту, деп, / Ошол атка конушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Олуйа Кошой карынын, / Олуттуу жери Чечдөбө, / Убара болуп капкайдан, / Не келесиң калмагым?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алты хан эли бу жерде, / Угузуп койор элине,- / Обдулуп Кошой ошондо, / Олуттуу кепти салганы, / Оолуга кепти баштады: / — Эркиңе койсок ушинтип, / Сен Бокмурун баланы, / Башка жыйнайт окшойсуң, / Капкайдагы балааны, / Мойунга артат окшойсуң, / Жок жерден таап жалааны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көк жал Манас кошуну, / Жайыкка түшүп олуттуу, / Кайгылуу чууну чыгарып, / Каратып койду туш-тушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олуттуу сөздү өзүң сал, / Тууган менен кектешип, / Душмандан бетер жектешип, / Кекенишип жүрбөйлү, / Казак, кыргыз бир тууган, / Чекелешип жүрбөйлү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →