олут

китептерде 33 жолу, 7 китепте
  1. Орун.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтылып келген Айчүрөк, / Андан уккун кызык кеп, / Кызылкызды мурунку, / Олутуна келтирет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
— деп, / Жердин бети жыртылып, / Тарпы чыгып алды, деп, / Кыйа тартып бурулуп, / Кырчак ташты бет алып, / Чылбырын кармай олтуруп, / Турнабайын оңдоду, / Олутун таап олтуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эр Бакайдан кол алып, / Төрө Алмамбет баатырың, / Төр жагына жол алып, / Ортодон алды орунду, / Ойон эрди карачы, / Олутун таап олтурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олутун бастың титинбей, / Ордуна жаттың эчкирбей, / Кай жоругуң каапыр ит, / Айдай болгон Чүрөктү, / Кыйазга олжо беришиң?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз алашты, / Олутуна кондуруп, / Жыйырмага хандытолтуруп, / Дуулап турган кезинде, / Чубактын уулу Канчоро, / Канжуткордун бири ошо, / Жедигердин Кыйазды, / Тымызын ичтен колго алып, / Таласка келди жол салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →