олураңда
- Олоңдоо, көзүн акшыңдатып орой мамиле кылуу, катуу бир тийүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Олураңдап ал дагы, / Оңдурбай мени койорбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сойушун бердик жактырып, / Кылмышкер болдук чакырып, / Берген ашты жөн жебей, / Ачууланды жапырып, / Түрү суук калчасы, / Олураңдап бакырып, / Кылып болуп бар ишти, / Мааникер бер деп шаштырып, / Анан сага жумшадым, / Жаш Айдарды чаптырып, / Чала-була кат жазып, / Толук жазбай ашыгып: / Жам…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олураңдап калмактар, / Оозуна келген кепти айтып, / Ушинтип бокту жеди деп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арыштап басып барганы, / Олураңдап Ороңгу, / Кобо калып кармады, / Олуйа Кошой абаңдын, / Айанар жери калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Манастын атын укканда, / Лойа оозунан чыкканда, / Ойу бузук Айжаңжүн, / Олураңдап, олоңдоп, / Опурулуп короңдоп: / — Манас деген эмине, / Жалганбы, чынбы ушул кеп?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →