олоңдо
- Сокур сыяктуу болуп көрүнүү, олоктоо.
- өт. Ачуулануу, тумшугу менен бир тийүү, ороңдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көк камандай күркүрөп, / Тартып алып чокморун, / Олоңдоп жерди карады, / Өлтүрдүм деп санады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ан дагы бар, / Эси чыгып элеңдеп, / Алаңдаган дагы бар, / Кылычын алып кынынан, / Мойунга ажал минди, деп, / Кайыл алган дагы бар, / Түз кеп айтса терс алып, / Олоңдогон дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көзү сокур олоңдоп, / Бир колу жок чолоңдоп, / Туулгасы ыргып кетиптир, / Тооктой мойну кокойот.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Төөчө басып коркоңдоп, / Ой-дөңдү билбей олоңдоп, / Сокуруң бардыр бириңдин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…болсун, / Жарды болсун, бай болсун, / Ачка болсун, ток болсун, / Дүмпөр болсун, шок болсун, / Колу жок болсун чолоңдоп, / Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбаттуу, / Сындуу б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →