олоң2

китептерде 29 жолу, 6 китепте олоң 1 →
  1. Басмайылдын артыраак жагына тартылуучу, ээрге бекитилген кайыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чогуу туруп үч урук, / Чокчоңдодук урушуп, / Соот-тонду жыртышып, / Найзанын учун түйрүлтүп, / Балтанын сыртын баткалап, / Кылычтын мизин кетилтип, / Ат олоңун бекитип, / Айанбай салдык урушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ат олоңун бекиттик, / Оодарышып кармаштык, / Кылышпадык жармаштык, / Багалектен алыштык, / Барлык күчтү салыштык, / Ийилбеген кайран бел, / Балтыр этти талыттык, / Орой-… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Телегей элден бир бөлөк, / Минген аты Темир көк, / Олоңдой өргөн чачы бар, / Өңөргөн койдой кашы бар, / Алтымыш кулач найза алып, / Айкырыгы баш жарып, / Айбат менен Семетке, / Айанбай тийди качырып, / Семеттин аты кар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…үп, / Кылычты салып кынына, / Ай балта байлап жанына, / Найза колдо заңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Шамал тийсе каңгырап, / Алтын ээр калмакча, / Тогуздап олоң тартынып, / Аттанып бу да жөнөдү, / Сом темирин артынып, / Тай буурул менен Сур атты, / Алактатып баратат, / Жал-куйругун төгүлтүп, / Шалактатып баратат, / Ооз… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Олоңдору оймо алтын, / Уйуштуруп токуган, / Куйушканы куйма алтын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →