олокто

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Окураңдоо, олоңдоо, олоюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ай басканда, / Жолборс, шерлер качырат, / Азуулары качырап, / Дөөлөр чыгат артынан, / Көзүнөн жалын чачырап; / Ошол жерге келгенде, / Ойрон Алмаң муну айтат, / Олоктогон Чубакты, / Алмак үчүн бир сынап: / — Мингениң буудан Көктеке, / Жүрөктүү эле эркекче, / Жалтайгансып үркчү эмес, / Жолборсту беттеп чуу десе. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— Алагара минип колоктоп, / Жалгыз мен деп сороктоп, / Оозуңа келген сөздү айтып, / Туруучу элең олоктоп, / Бүгүн ыйлап калыпсың, / Дартыңды айтып шолоктоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
деп, / Жүз башылар сороктоп, / Найзасы колдо короктоп, / Миң башылар олоктоп, / Бөлүп болду аскерин, / Ар бир жерге сап топ-топ. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ри карата, / Барбаган жери калбаган, / Албаган эли калбаган, / Адатын маа карматты, / Кара жанын карч уруп, / Качантан бери кармашты, / Олжо кылып алам, деп, / Олоктоп Сейит желдесе, / “Ийри отуруп түз кеңеш”, / Ылым сөзгө келбесе, / Кара баштуу кош айак, / Мага окшопшбир киши, / Баарың улук хансыңар, / Ойлогула, жакшы ишби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →