олобо
- Кой менен эчкинин өпкөсүн алып, ичин тазалап, май менен сүткө толтуруп, сууга кайнатылып бышырылган тамак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сейтек менен Айчүрөк, / Кыйазга келди ордого, / Гүлчоро кетти жапжалгыз, / Кеңколдогу коргонго, / Ак калпак кыргыз алашка, / Айкөлдөн калган борборго, / Муну мындай таштайлы, / Олободой Кыйаздын, / Өлгөнүнөн баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Олободой чоң Кыйаз, / Оңолбогон тоң Кыйаз, / Башы ооруп, мээ какшап, / Беш тырмагы тең какшап, / Олтургуч ташта олтуруп, / Күндү санап эсептейт, / Ойуна кайгы толтуруп: / “Тогуз күндө келем, деп, / Болжоп кеткен Айчүрөк, / Он беш күнгө созулду, / Эмне үчүн меники, / Мээм ооруйт бек күчөп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →