олжолуу
- Олжосу бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…п, / Алдастаган Жоодар чал, / Ат айабай жол жүрүп, / Күндөп-түндөп мол жүрүп: / «Бактыбай кайра кеткиче, / Тажиктердин кошуунун, / Баштап келсем үлгүрүп, / Кош олжолуу болдук» деп, / Бити батпай ичине, / Жоодар чал барат сүйүнүп, / Жолду байкап Бактыбай, / Жоодар чалдан оозуптур, / Жолу каткан бул чалдын, / Жолунан чыгып тосу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…көздөй бет алып, / Токойдо жүргөн бугуну, / Топ-топ жүргөн кайберен, / Кутулган бирөө болбоду, / Эртеден кечке сонордо, / Куру калган бир жан жок, / Бары болду олжолуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сен экөөбүз, Байтерек, / Ошонун бири болобуз, / Сайып алса Сомбилек, / Үйдө олжолуу болобуз, / Кокус болсо окустук, / Жер тайанып коборбуз, / Ажалдан мурун- кийинин, / Алдын кантип болжорбуз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Жаңы бирдеме таап, олжолуу болгон эмедей жаркылдап, кубанып келе жатышат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →