олжоло
- Олжо кылып алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Эл башкарган ханыңа, / Эс акылдуу карыңа, / Эп келсе кебим баарыңа, / Кыргыздан алган олжолоп, / Эсебин тапкын мал канча?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Муң кылалы чалдарын, / Кулданалы уланын, / Күң кылалы жубанын, / Олжолойлу кыздарын, / Жер бетинен түгөтүп, / Кыргыздын нарк нускасын, / Деп айтканда Дабытай, / Саламат айтат мамындай: / — Андай болсо, хандарым, / Акыл десең калганын,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Акбалта жакын жерине, / Чыйырдыны Акбалта, / Он төрт жашар чагында, / Олжолоп алып келди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атынңменен тонуңду, / Олжолоп алып нетейин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жана солдатка кеткендерге төрт жүз сомдон бермек экен: анын эки жүз элүү сомун жакшылар олжолоп кетиптир...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →