олжо
- Табылга.
- Жоодон алынган мал-мүлк.
- Аңчылыкта атып алынган же колго түшүрүлгөн аң жаныбарлары.
- Колго түшкөн душман тараптын эли же адамдары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ордоңду бузуп талкалап, / Гүлгаакыны олжо алып, / Чынгыш кулду кошо алып, / Кеткен киши Кененим, / Кененимдин баласы, / Бекбача иним сен билгин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Улугуңа бар, — деди, / Эмне көргөн-билгенин, / Жашырбай айта сал, — деди, / Каалабайым кан ичпейим, / Киймиң чеч, аттан түш, / Олжо алам дебейим, / Өчөшсө келсин кытайың, / Өткөрөйүн санаттан, / Карматамын дагы эле, / Кылып көнгөн адат ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айлына түштү бай Жакып, / Айдап жылкы келе албай, / Улам оозун карманып: / — Олжо бергин, соога, — деп, / Кыргыз турса суранып, / Оорагым чыгат эле, — деп, / Чыгармак тургай оорагым, / “Чылбырына тийбе” – деп, / Мизимди менин жандырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлүстөндөй шер келди, / Артыла тууган атадан, / Сейтек сындуу эр келди, / Айдай Чүрөк уз келди / Өлжо башы Кутубай, / Аа кошулуп бир келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кулагынан алды эле, / Үзөңгү боого бек басып, / Нескара менен Бакайдын, / Ортосуна алып барып: / “Мынаке, баатыр башы” — деп, / Олжону ата алгын, — деп, / Таштап кетип калды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →