олбуй-солбуй
- Оңунан да, солунан да, оң-солунан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каңгайга барып азыраак, / Баш мааналап көрөсүң, / Кайсы экенин билбеймин, / Андан нары көрөрүң, / Далычыдан Калдык хан, / Татыгы жок кеп угуп, / Бекбача орго түшкөндө, / Куткарбаймын аны деп, / Кайрат кылып дем уруп, / “Качасың” ды унутуп, / Дардаңдады ал акмак, / Орго түшсө жеңдим, деп, / Олбуй-солбуй белин бууп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененим чыкты жол тосо, / Оң айланып сол болуп, / Сол айланып оңболуп, / Омбул-домбул секиртип, / Ойрон болгон чоң Чиктей, / Олоңдорун бекитип, / Белин тартып мекитип, / Олбуй-солбуй камчы уруп, / Согончоктап теминип, / Иледеги урушта, / Башында калган жеңилип, / Жанын айаар жери жок, / Сайыштан качып ээринип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ашыккандан Алмамбет: / — Качпа, Коңур качпа — деп, / Баатырлык жолун башта — деп, / Бакырыгы баш жарып, / Кыйкырыгы таш жарып, / Атынын мойнун катыра, / Олбуй-солбуй камчы ура, / Шамал күнкү булуттай, / Бузулуп өңү кубаңдай, / Кабагы бийик кара көз, / Капталы жазы бойу энчер, / Каардуу баатыр Алмамбет, / Катуу үнүн чыгарып,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— деп, / Сулуу кыз кетти колдон, — деп, / Чойтолоң, Тапак, Тазкара, / Тоспосо болду жолдон” деп, / Чычкансурду мойундап, / Сакалын катып койундап, / Олбуй-солбуй теминип, / Оң-тескери камчылап, / Качып келет Куткарбас, / Бурулуш жолго бурулуп, / Аттын изин жашырып, / Агындын салып ичине, / Алдадым деп Сейитти, / Куткарб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Олбуй-солбуй камчы уруп / Семетей жаман шашканы: / — Катыгүн, чором, неттиң — деп, / Кайратың кайда кетти?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →